"Карагач токою" паркы 1881-жылы ботаник А.М. Фетисов тарабынан сазды кургатуу максатында негизделген. "Карагач токою" аталышы парктын аймагына отургузулган карагачтардын (кайыңдардын бир түрү) көптүгүнө байланыштуу берилген.
Парк шаардын түндүк бөлүгүндө, Аламүдүн дарыясынын сол жээгинде жайгашкан.
Токойдун аймагында негизинен карагачтар өсөт. Ошондой эле эмен, клен, жаңгак, липа жана кайың сыяктуу дарактар да бар. Андан тышкары, токойдун аймагында Комсомол жана Пионер көлдөрү жайгашкан.
Парктын жалпы аянты 143 гектарды түзөт, анын ичинен 50,7 гектары өздөштүрүлгөн, калган аянтын дарактар ээлейт.