Мирсаид Мирхамидович Миррахимов-врач-терапевт, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана СССРдин медициналык илимдер академиясынын академиги. Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер (1972), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери (1962). СССРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССРдин Жогорку Советинин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1987).