Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 1930-жылы негизделген. Имарат 1955-жылы архитекторлор Л.Лабуренконун, П.Ивановдун катышуусу менен курулган. Театрдын имараты бүгүнкү күндө республиканын эң кооз архитектуралык объектилеринин бири болуп саналат.