Григорий Алексеевич Петренко (1909—1941) — Батыш фронтунун 16-армиясынын 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунун 2-батальонунун 4-ротасынын аткычы, кызыл аскер, Советтер Союзунун Баатыры. Ленин ордени менен сыйланган. Легендарлуу Панфиловчулардын курамында болгон.