Ниязалы Борошевдин эстелиги
23-июнь 1856-жылы көрүнүктүү комузчу Ниязалы Борошев туулган.
Ош облусунда туулган белгилүү элдик аткаруучу Ниязалы Борошевдин туулганына 155 жыл толду. Комузду эрте үйрөнүп, 15 жашында эле татаал пьесаларды аткарып, бара-бара чебер болуп калган. Акын-импровизатор Жеңижок музыканттын талантын жогору баалап, Ниязалыга мактоо ырларын арнаган.
Н.Борошевдин аткаруучулук стили виртуоздук, комуз чертүүнү пропагандалоодогу эмгеги зор.
Замандаштары Ниязалы Борошевди улуу комузчу (залкар комузчу) деп аташкан.