Абдыкадыр Орозбековдун эстелиги
Абдыкадыр Орозбеков — Кыргызстанда Совет бийлигинин орношунда маанилүү роль ойногон жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири болгон мамлекеттик ишмер. 1927-1937-жылдары Кыргыз АССР Борбордук Аткар Комитетинин төрагасы. Анын эмгегинин аркасында Кыргызстан автономдуу республика статусуна ээ болуп, кийин союздук республикага айланган. Орозбеков — 1937-жылга чейин тынымсыз иштеген Кыргыз Республикасынын биринчи жетекчиси.