Юрий Заднепровскийге эстелик
Юрий Александрович Кыргызстандын түштүк аймактарынын тарыхын изилдөөгө 40 жылдан ашык өмүрүн арнаган. Ал Өзгөн районундагы Шоробашат, Баткен облусундагы Карабулак байыркы шаарларын ачкан. Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо мурда илимге белгисиз болгон топурак катмарларын изилдеп, ал жерден байыркы турак жайдын калдыктарын, уникалдуу тиричилик буюмдарын жана эмгек куралдарын тапкан.
Фергана экспедициясынын жетекчисинин негизги китеби болуп СССР Илимдер академиясынын Ленинград бөлүмүнүн Тарых жана археология институтунун "Ош конушу" аттуу фундаменталдык эмгеги эсептелип, анда Заднепровский шаардын жашы тууралуу илимий гипотезаларды негиздеген.
Окумуштуунун Кыргызстандын улуттук маданиятына кошкон салымы жогору бааланган. КР Президентинин Жарлыгы менен ал "Даңк" медалы менен сыйланган. Мамлекет башчысы Аскар Акаев аны белгилүү Трояны ачкан немис окумуштуусу менен салыштырып, орус Шлиманы деп атаган.