Парпиев Абдрашиттин эстелиги
Абдрашит Парпиев 1914-жылдын 14-февралында Ош шаарында төрөлгөн. Соңку согушка чейин колхоздо иштеген. 1942-жылдын 10-февралында Ош шаардык аскер комиссариаты тарабынан аскердик кызматка чакырылган. Фронтто 1943-жылдын 2-апрелинен баштап болгон. А.Парпиевдин согуштук жолу Северный Донец дарыясын ашуудан башталган. Андан соң ал Ковель шаарын бошотууга, Висла дарыясында душмандын коргонушун жарып өтүүгө катышкан, Лодзь, Кутно, Ленчица, Гнезно, Познань шаарларын алуу үчүн болгон жоокердик аракеттерде катышкан. Ал фашисттик баш калаага алып барган тогуз коргонуу сызыгынын бардыгына чабуул жасап, Берлин шаарында өзүнүн акыркы, жеңиштүү кармашын өткөргөн. Бир нече жаракат алган, контузия алганы белгилүү.
Согушка катышкандыгы үчүн Үчүнчү, Экинчи даражадагы Даңк ордендери менен сыйланган жана 1946-жылдын 15-майында СССР Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы менен Биринчи даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Мындан тышкары, анын согуштук сыйлыктарына эки «Эрдик үчүн» медалы, «Варшаваны бошотуу үчүн» медалы, «Берлинди алууга» медалы жана башка көптөгөн медалдар кирет.