Токтогул Сатылгановдун эстелиги
Токтогул Сатылганов — кыргыз советтик эл акыны. XX кылымдын биринчи жарымындагы акындык искусствонун эң ири өкүлү Токтогул Сатылганов (1864—1933) болгон, ал профессионал акындардын бүтүндөй муунун тарбиялап, өзүнүн мектебин түзгөн.