Композициянын авторлорунун ой-жобосу боюнча, Манастын колундагы найза — элдин коргоочусунун символу, постаменттин алдындагы жолборс — эпостун баатырынын күч-кубаты менен эр жүрөктүгүн билдирет, ал эми Манас минип турган ат — баатырдын ички руханий күчүнүн символу болуп саналат.