Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү XVIII кылымда Фергана архитектуралык мектебинин салттарында курулган. Өзүнүн жашоосунда имарат Ош жана Анжиян шаарларынын бай жарандарынын каражатына бир нече жолу реставрацияланган. Окумуштуулар күмбөздүн ордунда болжол менен X-XII кылымдарга таандык болгон эрте культтук курулуш болгон деп негиздүү түрдө эсептешет. Күмбөздүн порталдык-куполдук нишасы өзгөчө кооздугу менен айырмаланат. Порталдын үстүнкү бөлүгү стилдештирилген үч жалбырактуу тиштер менен аяктайт. Анын четтерине декоративдик мамылар орнотулган. Кире бериш нишанын бардыгы татаал ганч декору менен кооздолгон. 1999-2000-жылдары Ош шаарынын 3000 жылдыгын майрамдоонун алкагында күмбөздүн куполу жарым-жартылай реставрацияланган. 2013-жылы күмбөздүн үстүнкү бөлүгүн, куполдун терезелерин реставрациялоо, фасаддын жана ички жасалгасынын баштапкы дизайнын калыбына келтирүү боюнча иштер башталган.