Сулайман-Тоо («Сулайман тоосу») же Тахти-Сулайман («Сулаймандын тактысы», башкача айтканда, библиялык Сулайман падышанын тактысы) шаардын дал ортосунда жайгашкан. X кылымда эле бул биринчи караганда анчалык деле көзгө урунбаган аскалуу дөңсөөгө бүт Азиядан зыяратчылар агылып келишкен, анткени эзелтеден бери дал ушул жерде пайгамбар Сулайман Кудайга кайрылган, ал эми таштарда анын чекесинин жана тизесинин издери калган деп эсептелет. Сулайман-Тоо 2009-жылы июнда өлкөдөгү биринчи Бүткүл дүйнөлүк мурас эстелиги болуп калды. Тахти-Сулайман тоосу эрте орто кылымдарда эле бардык динчилдер, өзгөчө отко сыйынуучулар үчүн культтук мааниге ээ болгон. Тоонун этегинде шаардын эң атактуу мечиттери жайгашкан (Асаф-ибн-Бурхиянын күмбөзү (11 - 17 кылымдар), Рават-Абдуллахан мечити (17 - 18 кылымдар), Мухаммед Юсуф Байходжи-Оглы мечити (1909-ж.)). Асаф ибн Бухриянын күмбөзү - Сулайман-Тоонун чыгыш тарабынын этегинде жайгашкан XVII-XIX кылымдардагы архитектуралык эстелик. Өзгөчө кызыккандар тоонун өзүнө чыгып, ал жерден Ош шаарынын кереметтүү панорамасын көрө алышат. Бул жерден ал алакандай көрүнөт, көпкө чейин туруп, кереметтүү пейзажга суктанууга болот: ылдыйда - кайнаган шаар турмушу, алыста - тынчтык жана ишеним менен дем алган Улуу Тоолор.