Ташмурза Айтмурзаев — КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004), КР билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1999). Физика-математика илимдеринин кандидаты (1958). КМУнун профессору (1999). Теориялык физика, талаа теориясы боюнча адис. 70тен ашык илимий иштин, анын ичинде 3 окуу китебинин автору.