Кусейин Карасаев — кыргыз жана советтик тилчи, лексикограф, педагог, адабиятчы, фольклорчу, түркоолог. Филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги. Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.