Караколдун негизги кооз жерлеринин бири - Н.М. Пржевальскийдин мүрзөсү жана мемориалы бар парк-коругу. Шаардан 9 км түндүктө, Каракол булуңундагы пристанга жакын жерде, сейил бактын ичинде Н.М. Пржевальскийдин музейи, эстелиги жана мүрзөсү жайгашкан. 5-сапарына чыгар алдында Пржевальский Каракол шаарында каза болуп, анын керээзи боюнча Ысык-Көлдүн жээгине коюлган. Ал Ысык-Көлдүн чыгыш жээгинин эң бийик жеринде жайгашкан. Ошондуктан бул жерден көз жоосун алган көрүнүш ачылат: көлдүн кереметтүү панорамасы жана тоолордун көгүлтүр чокулары.