Чолпон-Ата шаарындагы тарыхый-маданий корук музейи
Музей совет доорунан бери бар жана ал түзүлгөндөн бери анча деле өзгөргөн жок. Музейдин имаратынын фасады жана анын көргөзмө залдары өзүнчө тарыхый эстелик болуп саналат жана бизди 20-жылдарга, имарат курулган мезгилге алып барат. Музей негизги экспозициядан жана сувенирдик дүкөндөн турат. Музей тарых, археология, кочмондордун тиричилик буюмдары, элдик кол өнөрчүлүк жана Ысык-Көлдүн тарыхы тууралуу баалуу артефактарды көрсөтөт. Музейдин имараты тематикалык залдарга бөлүнгөн. Бул жерде Ысык-Көл аймагынын флорасы жана фаунасына арналган экспозицияларды, X кылымдардан баштап XX кылымдын башына чейинки кочмондордун тиричилик буюмдарын, буддисттердин маданиятынын экспонаттарын, байыркы тыйындарды, курал-жарактарды жана башкаларды табууга болот.
Музейге экскурсоводдун коштоосунда барган жакшы.
Экскурсиялар ар күнү, дем алышсыз, 9:00дон 18:00гө чейин өткөрүлөт.