"Каратал Жапырык" мамлекеттик коругу
"Каратал-Жапырык" мамлекеттик жаратылыш коругу Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор жана Нарын райондорунун аймагында жалпы аянты 36 392,6 га жерде жайгашкан. Коруктун миссиясы: Тянь-Шаньдын ички аймагынын өзгөчө таза суулуу тоо көлдөрү болгон Сон-Көл жана Чатыр-Көлдү, типтүү жаратылыш аймактарын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн табигый генофондун, орто бийиктиктеги жана бийик тоолуу чөп экосистемаларын, жапайы флоранын жана фаунанын сейрек кездешүүчү жана эндемикалык түрлөрүнүн жашоо чөйрөсүн табигый абалында сактоо.