Көл-Төр көлү Кегети капчыгайында деңиз деңгээлинен 2725 м бийиктикте жайгашкан. Көл мөңгү суулары менен толукталып турат, ошондуктан анда сууга түшүүгө кайраттуулар гана батынат. Жада калса жайында да суу +5 градустан жогору жылыбайт.
Анын көгүлтүр өңүн фотошоп эмес, мөңгү суусундагы аралашмалар берет. Күн нурлары көлдүн бетине тийгенде, ал башка планетанын өңүндөй жанып кетет.