Панно өзгөчө материалдан - смальтадан жасалган. Бул өзгөчө ыкма менен бышырылган жана Прибалтикадан алынып келинген түстүү айнек. Мозаиканын композициясы аялдын аллегориялык фигурасынан турат, ал полотнодогу эки топту бириктирип тургандай. Бир топ кыргыз совет элинин өткөнүн, экинчиси азыркысын символдоштурат.