Бельгия элчилигинен мамлекеттер аралык дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгонуна карата орнотулган эстелик.
Смурфиктер — бельгиялык сүрөтчү Пьер Кюллифор (лакап аты Пейо) тарабынан ойлоп табылган жана тартылган жандыктар. Алар биринчи жолу 1958-жылы 23-октябрда Le Journal de Spirou комикс журналында пайда болгон. 1980-жылдары The Smurfs анимациялык сериалы чыга баштаган, дал ошол учурда алардын англис тилдүү дүйнөдө популярдуулугу өскөн.