Ак-Бешим шаар чалдыбары (VI-XI кк.) - орто кылымдагы Суяб шаары, түрк каганаттарынын борбору, Улуу Жибек жолундагы ири соода, кол өнөрчүлүк жана дыйканчылык борбору.
Шаар чалдыбары 1894-жылы В.В. Бартольд тарабынан археологиялык казуулардын жүрүшүндө ачылган, ал X-XII кылымдарда курулган караханиддер мамлекетинин борбору - Баласагун шаарын тапканын болжолдогон.