«Советтик Кыргызстандын кызы» деп аталган жаңы версия оригиналдан бир аз айырмаланат. Сүрөтчүлөр картинанын ойлонгон каарманына учурдагы заманга ылайык өзгөртүүлөр киргизишкен, аны китептин ордуна планшет жана наушниктер менен «куралдаштырып», ал эми фонго «Кыргызтелекомдун» имаратын жайгаштырышкан.