............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. .............................................................................

Лайлиев Осмон Ташматовичтин эстелиги 

Кең-Булуң, Ысык-Ата району, Чүй

Лайлиев Осмон Ташматовичтин эстелиги

О. Лайлиев — Кен-Булун айылында комсомолго биринчи болуп кошулган инсандардын бири болгон. 1922–1926-жылдары ал өзүнүн туулган Кен-Булун айылындагы комсомол уюмун жетектеген. 1927-жылы О. Лайлиев Кызыл Армияга чакырылып, Кыргыз улуттук атчан дивизионунда кызмат өтөгөн. Басмачыларга каршы күрөш жылдарында О. Лайлиев Кыргыз улуттук атчан дивизионунун взвод командири болгон. Көргөзгөн кайраттуулугу үчүн ал күмүш саат менен сыйланган. Харьков шаарындагы чек арачылар мектебин бүтүргөндөн кийин, О. Лайлиев азыркы Нарын чек ара отрядынын бардык заставаларында, анын ичинде Тажикстандагы “Даштак” заставасында кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, О. Лайлиев Чек ара аскерлеринин жетекчилигине фронтко өз ыктыяры менен жөнөтүүнү суранып кайрылган. Ал 306-атчан полктун, андан кийин 105-кавалериялык дивизиондун биринчи эскадронунун командири болуп дайындалган. Жеңишти Венгриянын Сегед шаарында 5-атчан полктун дивизион командири болуп жүргөндө тосуп алган. Көргөзгөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн ал “Ленин”, “Кызыл Туу”, “Кызыл Жылдыз” ордендери жана ондогон медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин 1954-жылга чейин Кыргызстандын бир катар райондук аскер комиссариаттарында аскер комиссары болуп иштеген. Андан кийин ардактуу эс алууга чыгып, жаштар арасында активдүү патриоттук-тарбиялык иштерди жүргүзгөн. О. Лайлиев согуш темасына арналган бир нече повестьтердин автору болуп, жаш муунду Ата Мекенди сүйүүгө жана ага кызмат кылууга чакырган.
🍪
Биз cookies колдонобуз кененирээк