Ысык-Көл — Кыргызстандагы туюк көл. Дүйнөдөгү аянты боюнча эң чоң 30 көлдүн катарына кирет жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде жетинчи орунда турат. Республиканын түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Түндүк Тянь-Шань кырка тоолорунун арасында: Күнгөй Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо кырка тоолорунун ортосунда деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан.