Чоң-Кемин өрөөнүндө жайгашкан улуттук парк ар түрдүү флорасы жана фаунасы, жарым чөлдөрдөн мөңгүлөргө чейинки көптөгөн кооз ландшафттары бар уникалдуу жаратылыш комплекси болуп саналат. Өрөөндө кездешүүчү жандуу жаратылыштын эбегейсиз көп түрдүүлүгүнөн Кызыл китепке өсүмдүктөрдүн 6 түрү жана жаныбарлардын 21 түрү киргизилген, алардын арасында ак илбирс, марал, бүркүт бар. Чоң-Кемин улуттук паркынын аймагында ийне жалбырактуу жана аралаш токойлор өсөт.