............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. .............................................................................

Кыргыз элинин улуттук боштондугу үчүн 1916-жылы курман болгон жоокерлерге түбөлүк эс болсун 

Октябрь, Бишкек
4.2
9 баалар

Кыргыз элинин улуттук боштондугу үчүн 1916-жылы курман болгон жоокерлерге түбөлүк эс болсун

Кыргыз эли жана Орто Азия аймагынын элдери кылымдар бою оор мезгилдерди башынан өткөрүп, артында ачуу эскерүүлөрдү калтырган. XX кылымдын башында алардын тарыхындагы эң трагедиялуу барактардын бири Россия империясынын колониялык саясатына каршы багытталган 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылы болгон. Бул тарыхый окуяларга 100 жыл өтсө дагы, азыркыга чейин окумуштуулардын илимий талкуусунун чордонунда болуп келүүдө. Сыпаттама мүнөздөгү алгачкы эмгектер совет бийлигинин башында эле пайда болгон. Жалпысынан советтик тарыхнаамада 1916-жылдагы көтөрүлүшкө баа берүүдө таптык мамиле басымдуулук кылган. Бирок Орто Азиянын окумуштууларынын илимий изилдөөлөрүндө таптык мамиле менен катар эле 1916-жылдагы элдик кыймылдын антиколониялык, улуттук-боштондук мүнөзү да баса белгиленген.
🍪
Биз cookies колдонобуз кененирээк