Иван Панфилов 1937-жылдан баштап Орто Азия аскер округунун штабынын бөлүмүнүн башчысы болгон. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, 1941-жылдын июлунан баштап 316-аткычтар дивизиясын жетектеген. 1941-жылдын октябрь-ноябрь айларында Москванын алдындагы коргонуу салгылашууларында дивизиянын жоокерлери жана командирлери Волоколамск багытындагы коргонуу чегин кармап, жогорку патриотизмди жана баатырдыкты көрсөтүшкөн. Командир өзү 1941-жылы 18-ноябрда немис минасынын сыныгынан каза болгон.