Максим Горький — орус жана советтик жазуучусу, акыны, прозаик, драматург, социалисттик реализм адабиятынын негиздөөчүсү, СССР Жазуучулар союзун түзүүнүн демилгечиси жана бул союздун башкармалыгынын биринчи төрагасы.
Эстелик 1981-жылы М. Горький атындагы скверге орнотулган. Композициялык жактан үч негизги бөлүктөн турат: жазуучунун фигурасы (бийиктиги 3,8 м), тумба (бийиктиги 1,2 м), стилобаттык бөлүк (0,57 м). Фигура жана тумба кызыл граниттен, стилобаттык бөлүк жылмакай боз граниттен жасалган.