1998-жылы курулган, бийиктиги 18 метрди түзөт, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлгөн. Ар бир саат сайын алмашып туруучу атайын ардактуу карауул тарабынан кайтарылат. 2009-жылы эски туу мамысы 45 метрлик жаңы туу мамысына алмаштырылып, 10х15 метр көлөмүндөгү туу илинген. 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 метрлик жаңы туу мамысы орнотулган.