Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
Кыргыз ССР Илимдер академиясы 1954-жылы 20-декабрда СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында түзүлгөн. Академияны Иса Коноевич Ахунбаев жетектеген. Бүгүнкү күндө КР Улуттук илимдер академиясынын курамында академиянын 39 анык мүчөсү, 49 корреспондент-мүчөсү жана 8 чет өлкөлүк мүчөсү бар.