Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры - Кыргыз Республикасындагы эң ири драма театры. Өлкөнүн мыкты актерлору, 628 орундуу ыңгайлуу театр залы, кенен фойе, жайлуу буфет жана акысыз унаа токтотуучу жай бар. Театр өз тарыхын 1935-жылдын 6-ноябрынан баштап эсептейт.