Болот Минжылкыев (1940-1997-жж.)
1940-жылы Фрунзе шаарында туулган. Опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти. 1966- жылы Ташкент консерваториясын бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрынын солисти. 1971-жылы Искусство институтунда окутуучу, профессор, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Тубаса кооз, коңур тембрлүү, диапазону кенен, үндүү Болот Миңжылкыев 1968-жылы дүйнөгө атагы чыккан, көрүнүктүү театрларынын бири Ла Скалада чеберчилигин өркүндөтүү үчүн стажировкада болгон. Дүйнөлүк операнын жылдыздары, италиялык ырчылар менен бир сахнада партияларды аткарган. Санкт-Петербургдагы Марин опера жана балет театрында иштеген. Ошол эле театрда музейи ачылган. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын эл аралык "Алтын көпүрө" сыйлыгынын лауреаты.