Иса Ахунбаев Коной уулу (1908-1975 жж)
Иса Коной уулу Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Атасы менен чогуу 1916-жылы Үркүндө Батыш Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген. Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөн (1935). Хирург, медиа илимдеринин доктору (1948), профессор (1948), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын академиги (1954) жана биринчи Президенти (1954-1961). СССР МИАнын корреспондент- мучосу (1948). Кыргыз Республикасыны эмгек сиңирген врачы (1945). Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Илимге эмгек сиңирген ишмер жана хирургдардын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын мүчөсу (1957). Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты.
Иса Ахунбаев Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, 3 "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Иса Ахунбаев 1959-жылы Орто Азия жана Казакстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган.