Касым Тыныстанов
(1901-1938-жж)
Касым Тыныстанов 1901-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. 1916-жылы кандуу үркүндө Кытай жергесине ата-энеси менен кошо качып, 1917-жылы кайра кайтып келген. Түркстан республикасынын Академиялык борборунда Кыргыз облустук бөлүмүнүн катчысы, анын төрагасы. Биринчи кыргыз гезити "Эркин тоонун" редактору, "Алаш" партиясынын Пишпектеги филиалын түзгөн. 1926-1930- 1930-37- жылдары Кыргыз АССР Эл агартуу комиссары. жылдары Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, анын директору, КМПИнин доценти (1932) жана профессору (1936). Кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинин тунгуч окуу куралдарын түзгөн. Касым Тыныстанов 1937-жылы "Социал- Туран" партиясынын мүчөсү деген күнөө менен камака алынып, кийинки жылы атылган. 1958-жылы акталып, кайра1960-жылы жокко чыгарылган. 1988-жылы коомчулуктун талабы менен чыгармачыл инсан катары бааланган.