Пётр Петрович Семёнов-Тян-Шанский (1827-1914-жж.) - орус географы, ботаниги, статистиги, экономисти, мамлекеттик жана коомдук ишмери. Ал Тян-Шань» тоолоруна барганда өзүнүн фамилиясына «Тян-Шанский деген кошумчаны алган.
1856-1857-жылдары европалыктар үчүн жеткиликсиз болгон Тянь-Шань тоолорун изилдеп, биринчи жолу тоо системасынын орографиясынын жана бийиктик зоналуулугунун схемасын түзгөн. Борбордук Азияга бир катар экспедицияларды уюштуруу демилгечиси болгон.
1859—1860-жылдары 1861-жылдагы дыйкандар реформасын даярдоо боюнча Редакциялык комиссиянын мүчө-эксперти жана иш башкаруучусу катары катышкан. 1897-жылы Россиянын калкынын биринчи каттоосун уюштуруучу.