............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. .............................................................................
Поиск
Маршруты
Друзья
Гид
Сохранить
Отправить
Проехать
Асия
Книжный магазин
4.9
55 оценок
Контакты
Инфо
Отзывы
49
Цены
Фото
39
4.9
55 оценок
С ответами
Все
Положительные
Отрицательные
Цветок🦋 Мира
1 отзыв
Бул китеп дүкөн башкалар катара жөнөкөй эмес ☺️, эмне үчүн минтип айтам ,себеби, бул жактан китеп алган кардарга жумшак мамиледе болушат. Ошондой эле киргенде сатуучулар карап эмне кылсаң да аркандан жүрүп "кайсыны аласыз?" -деп шаштырбайт .😆🫠
Читать целиком
Полезно
0
Атамбек Абдисаламов
1 отзыв
Баарыңыздарга салам. Ушул китеп дүкөнүн китепке кызыккандарга сунуштайт элем. Баасы жеткиликтүү, жана дайыма китептерди таба аласыңар
Полезно
0
Арууке Арпидинова
1 отзыв
Мен "Асия" китеп дүкөнүн чыныгы китеп ааламы деп айтсам болот! 🌟 Бул жерге киргенде, өзүңдү китептер дүйнөсүнүн ортосунда сезет экенсиң. Ар бир сөздү, ар бир баракты сүйгөн китеп сүйүүчүлөр үчүн бул жер - чыныгы бейиш! АСИЯ КИТЕП ДҮКӨНҮ - бул чыныгы руханий баалуулук,акыл-ойга азык, жүрөккө дем берген ыйык жай. Алыстан карап турсам да, инстаграм баракчаңыз аркылуу анын жылуулугун, жагымдуу атмосферасын сезүүгө болот. Китептердин ар түрдүүлүгү, белектердин кооздугу жана кызматкерлердин жылуу мамилеси- баары эле сизди өзүнө тартат, китеп дүйнөсүнө сүздүрөт. Бул жер - жөн гана соода жай эмес, жүрөккө жакын адамдардын чогулуп, билим менен руханиятты бөлүшкөн, жаңы идеялар жаралган жай.. Мында диний, философиялык, психологиялык, көркөм чыгармалардын эң мыкты үлгүлөрүн, илимий эмгектерди, балдар адабиятын - баарын таба аласыз. Ар бир китеп - жаңы агым, жаңы дем, жаңы максат! Окурмандын жан дүйнөсүн байытып, көз карашын кеңейткен асыл казына! Белек издегендер үчүн да сонун тандоо. Ар бир белек - өзүнчө мааниге, өзүнчө жылуулукка ээ,досуңузга, сүйүктүү адамыңызга, жакын кишиңизге - баарына ылайыктуу белектер.Баасы да чөнтөккө ыңгайлуу…)) Асия китеп дүкөнү - бул мүмкүнчүлүк! Билимге суусаган, руханий өнүгүүнү каалаган, өзүн таанып-билгиси келген ар бир адам үчүн. Барбасаңыз да, алыстан байланышыңыз - пайдалуу кеңештер, мотивация жана жаңы китептер тууралуу маалымат аласыз. Илимге, руханиятка жана китепке болгон сүйүүнү жайылтып жаткан бул дүкөн - чыныгы кайрымдуулук жана ак ниет менен кызмат кылып жаткан жай. Ар бир жарыяңыз - акылга азык, жүрөккө дем. Жөн гана соода эмес, бул жерде руханий тарбия, билим, үмүт жана жакшылык бар. Арзандатуулар жана белектер аркылуу окурмандарды сүйүндурүп турганыңыз чоң ыраазычылыкка татыйт. Китеп аркылуу адамдардын дүйнө таанымын кеңейтип, жакшы ойлорго үндөп жаткаңыз үчүн чоң рахмат! Эмгегиңиздердин узурун көрүп, дагы да өнүгө беришиңиздерди каалайм. Ар дайым ийгилик, береке жана нурлуу жол каалайм! 😊
Читать целиком
Полезно
0
JO
Jumagul Omorova
1 отзыв
Китеп – акылдын казынасы Китеп — адамзаттын эң ишенимдүү досу. Ал бизге үнсүз эле акыл-насаат айтып, туура жолду көрсөтөт. Китеп окуган адамдын дүйнөсү кеңейип, ой жүгүртүүсү тереңдейт. Ар бир барак — жаңы билим, ар бир сап — жаңы үмүт. Китеп-билимдин ачкычы, ал эми билим-ийгиликтин негизи.Китепти сүйгөн адам — билимди, тарбияны жана келечекти тандайт. Китеп менен дос болгон жаш эч качан жолун жоготпойт, анткени китеп адамды бийик максаттарга жетелейт. Китеп — руханий азык, жан дүйнөнүн көркү.🫀🤍 «Сени бейиште күтөм» Бул аталыш адамдын үмүтүн, ишенимин жана тазалыгын эске салат. Китеп окурманды сабырдуулукка, жакшылыкка ишенүүгө чакырат. «Мен» Бул китеп адамдын ички дүйнөсүн таанып-билүүгө жол ачат. Өзүн түшүнгөн адам гана башкаларды түшүнө алат. «Эртең дебе» Бул аталыш убакыттын баалуулугун эскертет. Бүгүн жасалган аракет — эртеңки ийгиликтин негизи экенин түшүндүрөт. Китеп ар бир мүнөттү текке кетирбөөгө, аракетчил болууга үндөйт. Бул китептердин ар бири адамга жашоону туура түшүнүүгө жардам берет. Алар ой жүгүртүүнү тереңдетип, адамды жакшы сапаттарга тарбиялайт. Китеп окуу — өзүңдү жана дүйнөнү таануунун эң мыкты жолу.🤍🫀
Читать целиком
Полезно
0
А7
Асем 77
2 отзыва
Бул китеп дүкөнү мага абдан жакты. Дүкөнгө киргенден тартып эле жагымдуу жана тынч атмосфера сезилет. Ичинде китептер тыкан иреттелип жайгаштырылгандыктан, керектүү китепти оңой эле табууга болот. Көркөм адабият, ислам китептери, балдар үчүн китептер,жайнамаз,тесме жана буюмдардын туру бар Дүкөндүн кызматкерлери абдан сылык жана кардарларга көңүл бурушат. Алар китеп тандоодо жардам берип, пайдалуу кеңештерин беришет. Баалары да жеткиликтүү, кээде арзандатуулар болуп турат. Китептердин сапаты жакшы, мукабалары таза жана жаңы. Бул дүкөндө убакыт байкалбай өтүп кетет, анткени китептер дүйнөсүнө сүңгүп киресиң. Китеп окууну сүйгөн адамдар үчүн бул жер абдан ылайыктуу. Мен бул китеп дүкөнүн башкаларга да сунуштайм жана сөзсүз кайра-кайра келип турам.🫶🏻🫶🏻🫶🏻🫶🏻
Читать целиком
Полезно
2
🤍 🦋
1 отзыв
Асия китеп дукону мен ушуга чейин китепке кызыкпагам сиздердин магазининиздерден кийин китепке болгон кызыгуум аябааай кучоду сиздердердин китептериниздерден мен уже список тузуп койдум окуйм дегендерден насип кылып ошолордун баарын алып окуган буйрусун 🥺🤲❤️
Читать целиком
Полезно
0
KE
Kazieva Eliza
2 отзыва
Асия китеп дуконуно ыраазычылык, биз издеген китептерди ушул жерден таба алабыз ар дайым кардарынар узулбасун башка магазиндерге салыштырганда ушул магазин арзан жана коптогон китептирди таба алабыз ар дайымкыдай китеп тандашканы китептерди оформление жазап бергени жагат сиздерге рахмат 1 номер деп айта алам Асияны .Ишиниздерге ийгилик.
Читать целиком
Полезно
0
Johongir Abdusattarov
1 отзыв
Көйгөйдүн жакшысы жок , бирок адамдардын кээ бири аны оңой чечет, кээ бири чече албай.....
Полезно
4
A
Akmaral
1 отзыв
Асия Book дүкөнүнө ийгилик жана береке каалайм. Бул жерден ар бир окурман өзүнө керектүү, пайдалуу китепти таба алат. Дүкөнүңүз билимдин, шыктын жана акылмандыктын булагы болуп берсин. Окурмандарыңыз күндөн-күнгө көбөйө берсин. Ишиңиз өргө жылып, кирешеңиз арта берсин. Асия Book ар дайым мыкты китептердин дареги болсун. 📚✨
Читать целиком
Полезно
0
АС
Айтолкун Саматова
1 отзыв
Саламатсыздарбы эн мыкты дүкөндөрдүн бири ишиңиздерге ийгилик Аллахым сиздердин ишиниздерге береке ырыскысын берсин❤️🤲🏻
Полезно
0
AJ
Asel Jyrgalbek kyzy
1 отзыв
Бул дүкөн деген китепти чындап баалагандар үчүн жакшы жер. Бул жактан ар ким өзүнө керектүүсүн таба алат ,окууга кызыккан бала да, изденген чоң киши да. Китептер тыкан, тандоого жакшы, кызмат кылгандар да сылык. Жөн эле кирип, карап чыгып эле чыгам деген адам да бир китеп алып кетпей коё албайт. Бул китеп дүкөн жөнөкөйлүккө бай,китепке жакын, окууга шыктандырган дүкөн. Ачкан байкеден Аллах ыраазы болсун. Ичинде саткан сыпайы соонун,сулуу кыздарга ийгилик каалайм. Ишиңиздерге береке берип, көп ийгиликтерди багындыра бериңиздер.😊🫰
Читать целиком
Полезно
0
GM
Guli Mansurova
1 отзыв
Көптөн бери баргым келип, жүрөгүмө жакын болуп калган бир жер — ушул китеп дүкөнү... Сүрөттөрүн көрүп эле, өзүнчө бир тынчтык, илхам, таазим тартуулап турат. Кагаз жытын сүйгөн адам үчүн бул — жөн гана дүкөн эмес, жан дүйнөнүн жайлоосу. Ар бир бурчуна көзүм түшүп, ал жерден өзүмдү тапкандай элестетем. Китептердин арасындагы тынчтык, жанга азык сөздөр, жана ошол дүйнөгө болгон тартылуу — эч сөз менен сүрөттөп бүтө албайм... Аллахым, ошол жерге барууну мага насип кылса экен... Балким, ошол дүкөндө мени күтүп жаткан бир китеп, же жүрөгүмдү өзгөрткөн бир сап бардыр... 🕊️
Читать целиком
Полезно
1
Малика Нуралиева
1 отзыв
Асия китепканасы — жүрөккө жакын 🌸 Ар бир китеп — өзүнчө дүйнө 🌍
Полезно
0
ББ
Бегимай Бексултанова
1 отзыв
Мен шаарга келгениме бир аз гана убакыт болду "Асия "китеп дүкөнүнө али бара элек болсом да, Instagram аркылуу сиздерди кубануу менен байкап келем . Маани маңыздуу,жан дүйнөгө азык боло турган китептер жана жылуу атмосфера — мунун баары абдан өзүнө тартып турат.✨ Дүкөнүңүздөр өсүп-өнүгүп, дагы көп адамдарды кубанта берсин🤲. Жакын арада сиздер менен жеке таанышууга үмүттөнөм!
Читать целиком
Полезно
0
НК
Нуркыз Камчыбекова
1 отзыв
Бул китеп дүкөнүнө биринчи жолу барганымда эле абдан жакшы таасир калтырды. Айрыкча динге, адеп-ахлакка, ыйманга байланышкан китептердин түрдүүлүгү абдан кубантты. Акыреттик жашоо, жүрөктү тазалоо, сабыр, шүгүр, ата-эне, үй-бүлө, тарбия тууралуу көп пайдалуу китептерди табууга болот. Китептердин сапаты жакшы, мазмуну терең, адамды ойготуп, туура жолго чакырат. Акыретти ойлонткон, бул дүйнөнүн убактылуу экенин эске салган китептер ар бир адам үчүн керек деп ойлойм. Бул дүкөндөн алган китептерим өзүмө гана эмес, үй-бүлөмө да чоң пайдасын тийгизип жатат. Баалары да жеткиликтүү, белекке алууга абдан ылайыктуу. Айрыкча жакындарыңа пайдалуу, сооптуу белек кылгың келсе, эң туура жер деп эсептейм. Мындай руханий азык берген, адамды жакшылыкка үндөгөн китеп дүкөндөрү коом үчүн абдан маанилүү. Жалпысынан бул китеп дүкөнүн жүрөгүн, ыйманын, акыретин ойлогон ар бир адамга чын жүрөктөн сунуштайм. Аллах ыраазы болсун, ишиңерге береке берсин. Эли-жерибизге пайдасы тийген иштериңер улана берсин. Мындан ары да дайыма келип, пайдалуу китептерден алып турам деп ниет кылдым.
Читать целиком
Полезно
0
АЖ
Алия Жумабаева
1 отзыв
АСИЯ КИТЕП ДҮКӨНҮ– руханий азык издеген ар бир жан үчүн чыныгы байлык булагы. Мен бул жерге бара элекмин, бирок инстаграм баракчасы аркылуу дайыма байкап, суктанып келем. Китептердин ар түрдүүлүгү, белектердин кооздугу жана кызматкерлердин аракетчилдиги алыстан туруп эле байкалып турат. Бул жер – жөн гана китеп саткан жай эмес, билимге, акылга жана жүрөккө азык берген дүйнөгө эшик ачкан мекен. Ар бир постунан жылуулук жана көңүл буруу сезилет. Китеп – адамдын досу десек, "Асия китеп дүкөнү" ошол досту табууга жардам берген көпүрө сыяктуу. Бул жерден диний, руханий, тарбиялык жана мотивациялык китептерди табууга болот. Ар бир китеп – жаңы көз караш, жаңы дем, жаңы максат. Дүкөндөгү арзандатуулар да көңүл бурарлык – ар дайым окурманга жеңилдик берип, китепке болгон кызыгууну арттырып турат. Белек издегендер үчүн да эң сонун тандоо бар. Себеби бул жактагы ар бир белек мааниси терең, өзгөчө мүнөзгө ээ. Асия китеп дүкөнү – билимди сүйгөн, сапаттуу жана руханий өнүгүүнү каалаган адамдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Барбасаңыз да, алыстан байланышыңыз, баракчасынан пайдалуу маалыматтар, мотивация жана жаңы нерселерди таба аласыз. Китеп сүйгөн жүрөктөр үчүн мыкты жай экенине ишенем! АСИЯ КИТЕП ДҮКӨНҮнө терең ыраазычылык билдирем! Илимге, руханиятка жана китепке болгон сүйүүнү жайылтып жаткан бул дүкөн – чыныгы кайрымдуулук жана ак ниет менен кызмат кылып жаткан жай. Инстаграм баракчаңыз аркылуу көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алып, ар түрдүү китептер менен таанышып турам. Ар бир жарыяңыз – акылга азык, жүрөккө дем. Жөн гана соода эмес, бул жерде руханий тарбия, билим, үмүт жана жакшылык бар. Ошондой эле арщандатуулар жана белектер аркылуу окурмандарды сүйүндүрүп турганыңыз чоң ыраазычылыкка татыйт. Китеп аркылуу адамдардын дүйнө таанымын кеңейтип, жакшы ойлорго үндөп жатканыңыз үчүн чоң рахмат! Эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, дагы да өнүгө беришиңиздерди каалайм. Ар дайым ийгилик, береке жана нурлуу жол каалайм!
Читать целиком
Полезно
0
ИТ
Исламм Талантбеков
1 отзыв
Эң сонун китепкана😍
Полезно
1
АБ
Айзирек Бактыбекова
1 отзыв
«Асия» китеп дүкөнү — бул жөн гана соода жайы эмес, бул руханий дүйнөгө ачылган жылуу мейкиндик. Бул жерден ар бир адам өзүнө керектүү китепти гана эмес, тынчтыкты, шыктануунун жана жаңы ойлорду таба алат. “Асия” китеп дүкөнүндө ар бир китеп — тажрыйба, тарбия жана билим менен толгон өзүнчө бир аалам сыяктуу. Китептердин тандоосу ар тараптуу, сапаттуу жана ар бир окурмандын табитине ылайык кылдаттык менен сунушталат. Бул дүкөн билимге суусаган жаштарга жол көрсөтүп, китепке болгон сүйүүнү ойготот. “Асия”китеп дүкөнү китеп окууну адат эмес, баалуулукка айландырган өзгөчө жай. Бул жерге кирген сайын адам китеп аркылуу өзүн табат, ойлонууга, өзгөрүүгө жана өнүгүүгө түрткү алат. Мындай керемет китеп мейкиндикти түзүп, китепти да, окурманды да урматтап, ар дайым жылуу мамиле кылып келе жаткан “Асия” китеп дүкөнүнө терең ыраазычылык билдирем. Китеп сүйүүчүлөр үчүн шарт түзүп, билимге болгон жолду кеңейтип жатканыңыздар үчүн чоң рахмат. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында китеп окуган коом өсүп, руханий байлык баарыбызга жетүүдө. “Асия” китеп дүкөнүнө ийгиликтерди, берекени жана дагы көптөгөн окурмандардын жүрөгүнөн орун алууну каалайм.
Читать целиком
Полезно
1
AT
Akjoltoi Temirbekova
1 отзыв
Эн мыкты китеп дукондорунун бири китептери да абдан кызыктуу жана окууга болгон кызыгунуу андан сайын артырган китеп магазини сатуучулары дагы абдан жагымдуу инсандар ишиниздерге ийгилик❤️
Читать целиком
Полезно
0
Айдана 🥰
1 отзыв
Мен Асия китепканасына бир канча жолу бардым, мурда такыр китепке кызыкчуу эмесмин Асия китепканасы аркылуу бирин бүтүрүп кайра эле экинчи китеп бетин ачканга шашылам. Китепканага жана Эралы байкеге терең ыраазычылык 🥰
Читать целиком
Полезно
1
АА
Айдеми Атамбаева
1 отзыв
Асия китеп дүкөнүнө барып көргөн эмесмин бирок инстаграмдан көрүп турам. Өзүм Ошто болгонума байланыштуу бирок көптөн бери китеп алайын деп жүрөм убакыт болбой аткан ушул мен утуп калсам доставкама коштуруп дагы көптөгөн китептерди алат элем.Асия дүкөнү адамдарга өзгөчө атмосфера тартуулап өзүнүн башка ааламына ээрчитип кеткен бир дүнүйө бул жактан китептин эң кызыктуу сун жана керектүүсүн таба аласыздар Бишкеке барсам да сөзсүз бир күнү барам буйруса ниет кылдым.Бул жакты иштеген байкенин максаты жөн гана акча табуу эмес адамдарга жагымдуу маанай тартуулап көңүлүн кошо көтөрүп баарын арзан баада сатып элдин батасын алуу экени ачык байкалып турат. Скидкада болуп аткан бардык китептер азыр биз жаштар муктаж болуп ошол китептерге суусап турган чагыбыз жана бизге азр билим ,китеп суу менен абадай эле керек.Ооматымды биринчи жолу сынап көрөйүн деп чечтим ийгилик мага .Асия китеп дүкөнү мен сиздерди калтырбай көрөм приз уткандарга ар дайым чын жүрөктөн сүйүнүп турам.
Читать целиком
Полезно
1
G🌸
Gulasyl 🌸
1 отзыв
Китеп — колума тийген кагаз эмес, жүрөгүмө тийген нур. Ал унчукпай туруп акыл үйрөтөт, сурабай туруп жооп берет. Китепти ачкан сайын мен башка дүйнөгө кадам таштайм: ал дүйнөдө ой терең, максат бийик, адамдык баалуулук бийлейт.
Читать целиком
Полезно
0
M
Madina
1 отзыв
Китеп — бул убакытты токтоткон керемет. Ал өткөндү бүгүнкүгө, бүгүнкүнү келечекке байлайт. Бир барагын ачканда сен башка дүйнөнүн босогосун аттайсың. Китеп — жан дүйнөнүн күзгүсү. Аны окуганда сен сөздөрдү эмес, өзүңдү табасың. Ар бир тамгасы жүрөккө шыбыр айткандай, ар бир ойу тагдырды ойготконсуп сезилет. Китеп — түн ичинде жанган шам. Ал караңгы ойлорду жарык кылат, үмүт өчкөндө жол көрсөтөт, үнсүз туруп, адамды бийиктикке жетелейт. Китепти сүйгөн адам эч качан жакыр болбойт: анын байлыгы — акылында, кооздугу — ой жүгүртүүсүндө, күчү — билиминде. Китеп — адамга берилген эң ыйык аманат. Аны сактаган адам өзүн сактайт, аны окуган адам келечегин курат.❤️
Читать целиком
Полезно
2
ЧК
Чынгыз Кутпидинов
1 отзыв
Аруулукту жан дүйнөгө батырган Акылыңа акыл кошуп катырган Китеп экен чындыгында даарыгер Кир жүрөктү аруулукка чакырган Китеп дүкөндү «Асия»экен жакшысы Кардарларын кубандырат башкысы Жарпың жазган китептерди бул жерден Тапсың болот «Асия»дан баарысын Китепкөй элибизге кызматы чоң Китеп менен үйрөткөн жолдорду оң Китеп дүкөн «Асия»нын дареги Кирди жаңы экигиске (Московская 164) Асалому Алейкум баарыңыздарга мен бул ырды автобуста жазгандыгым үчүн жакшы уйкашпосу же каталары болсо кечирим сурайм, Аз болсо да маанайыңыздарды көтөрө алдым деп ойлойм Окугандар баалап кетиңиздер Автор:Кутпидинов Чыңгыз 😊
Читать целиком
Полезно
0
JO
Jypariza Orozobekova
1 отзыв
Ассалому алейкум Саламатсыздарбы бул китеп дүкөнүндө аябай адамдарга керектүү кызыктуу китептер бар экен жана сатуучу кыз аябай сүйкүмдүү жана жүзү жарык жаркылдаган кыз экен көз тийбесин кандай китепти сунушташты да билет экен👍👍😍ушул китеп дүкөнүнө биринчи жолу бардым жакшы экен мага жакты ушул китеп дүкөнүн ачкан байкеге да Алла ыраазы болсун жана айтып коетко окусан көптү билесин деп ошондой эле болот экен рахмат бир жумага акция кылып элге чон мүмкүнчүлүк бердиниздер🤗🙇♀️
Читать целиком
Полезно
0
Альбина Жумабекова
1 отзыв
Асия китеп дүкөнүнө киргенде эле жагымдуу атмосфера сезилет. Китептер тыкан жайгашкан, тандоо абдан чоң. Баалары да жеткиликтүү. Айрыкча кызматкерлердин мамилеси жакты сылык, сабырдуу жана кесипкөй. Китеп сатып алуу үчүн ишенимдүү дүкөн деп эсептейм.
Читать целиком
Полезно
0
ЭА
Эркеайым Алымбекова
1 отзыв
Жакшы китеп саткан магазин Аллахым сиздерден ыраазы болсун канча адамдардын китеп окуусуна себепчи болдуңар китеп баалары доступный баада ар дайым өркүндөп өнүп өсө бериңиздер адамдын туура жолду тандашына себепчи болдуңуздар Аллахым сиздерден ыраазы болсун ☺️
Читать целиком
Полезно
0
EM
Erlan Musaev
1 отзыв
Сатуучу кыз адамдарга жакшы мамиле кылганды билет экен,кимге кайсыл китепти сунушташ керек экенин дагы көз тийбесин 😍
Полезно
1
ГА
Гузеля Алибаева
1 отзыв
Китеп — бул убакыт машинасы. Аны ачканда сен өткөнгө саякаттайсың, келечекти элестетесиң, өзүңдү башка дүйнөлөрдөн табасың. Китеп сүйлөбөйт, бирок миң ойду айтат. Ал чарчабайт, тажабайт, ар дайым сени күтүп турат. Бир барагы акыл берет, экинчиси үмүт жаратат, дагы бири сенин жашооңду өзгөртөт. Китеп — жан дүйнөнүн шамы. Караңгыда жарык берип, жолду көрсөтөт. Китепти сүйгөн адам эч качан жалгыз болбойт, анткени анын жанында миңдеген акылман ойлор жашайт.
Читать целиком
Полезно
0
УЭ
Уулжан Элчибекова
2 отзыва
Адамдын жашоосу бүтпөс китеп Өзүмдүкүн бүтүрбөй жатып башканыкын баштадым Өзүмдүм жашоомо окшош китеп бар бекен деп окуп келем Өзүмдүкүн издөө менен жон гана адамдардын чынчылдыгын,чыныгы суйууну Адамдарды урматтоону ,ыйманымды бекем кылууну үйрондүм Китеп окууп жашооңду туура жака өзгөрт Асия китепканага кел ал жерден ушунчалык мин түркүн китептин түрүн табасын Мүмкүн өзүндүкүнө окшошун
Читать целиком
Полезно
0
AU
Asila Umarova
1 отзыв
Китеп дүкөнүңүз ар дайым билимге суусагандарга толуп, акыл-ойдун жана шыктын булагы болсун. Ишиңизге ийгилик. Бул китеп дүкөнү жаңы идеялардын, чоң кыялдардын жана жарык келечектин башаты болсун. Ар бир келген адам өз китебин тапсын!
Читать целиком
Полезно
0
А.
Алима .
1 отзыв
Асия китеп дүкөнү — китеп эмес, баалуулук тартуулайт. Сапат, ишеним жана ырахат бир жерде. 📚✨ Билимдин жана руханий байлыктын эң мыкты дареги! Коп жерлерден китеп алгам бирок бул жактагы бааны башка жерден таппадым😊
Читать целиком
Полезно
1
ابدالحكيم قجقراو
1 отзыв
Китепке болгон сүйүүнү жайылтып, окурмандардын сүйүктүү жайына айлана бериңиздер. Ар дайым жаңылык, сапат жана шыктануу болсун!
Полезно
2
Ильяз Женишбеков
2 отзыва
В магазине очень уютно, ассортимент книг большой. Нашел книгу, которую искал долго. Девушка консультантка очень милая, поможет найти книгу на любой вкус.
Читать целиком
Полезно
0
MJ
Marina Janybekovva
2 отзыва
Бул китеп дүкөн өзгөчө жагат. Бул жерден пайдалуу, мазмундуу китептерди табууга болот, баалары да элге ылайыктуу, арзан. 😇Мындан тышкары, ар кандай оюндарды уюштуруп, адамдарды китеп окууга кызыктырып турушат. Бул абдан жакшы демилге деп ойлойм. Китеп аркылуу билим таратып, оюндар аркылуу кызыгуу жараткан бул дүкөн көптөргө пайдасын тийгизип жатат. Ушундай сооптуу иш менен алектенип жаткан дүкөнгө Аллах береке берип, ишиңиздерге ийгилик Аллах ыраазы болсун сиздерден 🫶🏻 жүрөктөн чыккан сөздөп 🤭китеп утуп алууну насип кылсын 📚 коптон бери дүконго бара албай жүрөм барсам бирок баарын кочуруп келчудоймун 😅🤭 ыраазычылык
Читать целиком
Полезно
0
KA
Kasymalieva Aruu
1 отзыв
Китеп дүкөнүңүз билимдин, акылмандыктын жана шыктын булагы болсун. Ар бир келген окурман бул жерден өзүнө керектүү китепти гана эмес, жаңы ойлорду, үмүттү жана мотивацияны таба берсин. Ишиңиздер ийгиликтүү, кардарларыңыз ар дайым көп болсун! Бул дүкөндүн текчелеринде сөздөр жашасын, Ар бир китеп акылга жол ачсын. Окурман бул жерден тынчтык да, дем да тапсын, Ишиңиздер дайыма өсүп-өнүгүп турсун.
Читать целиком
Полезно
0
AS
Apal Sogushbekova
2 отзыва
Мен башында китеп окуубачым эле мага китеп белек кылып бергенден кийин анан окуудум , башкача сезим болот экен, мен Эми китепке Кызыга баштадым 😍, мен эми бул китеп канадан китеп ала баштадым акциясы мн жана кызыктуу китептер бар экен , жакын арада мен бул китеп канадан жакын адамдарыма белек берип жатам Ин ша Аллах
Читать целиком
Полезно
0
.Г
.Хаби Газыбекова
2 отзыва
Асия китеп дүкөнүнө чоң ыраазычылык! Окуу жана билимге болгон сүйүүнү жайылтып, окурмандарды сапаттуу китептер менен кубанта берип жатканыңар үчүн рахмат. Ар дайым бизге оюндарды уюштуруп берет мен ар дайым сиздерди колдоп келем Ишиниздер өргө жүрүп, кардарлар арбып, илим-билимди сүйгөн жаштар көбөйө берсин! Ар дайым өнүгүү, ийгилик жана береке коштосун!"* Асия китеп дүкөнү — билимге жол ачкан асыл дарбаза! Ар бир окурмандын жүрөгүнө үмүт, акыл, тарбия, руханий азык тартуулап жатканыңар чыныгы кызмат. Жаштарды ой жүгүртүүгө, изденүүгө, өзүн таанып, дүйнөнү түшүнүүгө шыктандырып, билимдин жарыгын таратканыңар үчүн терең ыраазычылык. Ишиңер дайыма өркүндөй берсин, акылман окурмандар көп болсун! Ар бир китеп жаңы дүйнөгө эшик ачып, ар бир кардар ошол дүйнөгө ырахат менен кадам таштасын. Берекелүү иш, бийик максаттар жана чексиз ийгиликтер коштосун рахмааат сиздерге чоң Аллахым ишиңиздерге ийгилик берсин Аллахым сиздерден ыраазы болсун ❤️❤️🤲💞💞😍😍😍❤️❤️😍😍😍
Читать целиком
Полезно
1
Zhiide00 Zhiide00
1 отзыв
Ишиңиздерге ийгилик каалайм көптөгөн кызыктуу китептерди көрүгө болот бул жактан эми кичинекей бөбөктөргө арналган китептерди да китеп текчеден көрсөк жакшы болот эле
Читать целиком
Полезно
0
Хабиба Ташбаева
1 отзыв
Асия китеп дүкөнү мага аябай жакты. 700 сомго соода кылып китеп утуп алганмын. Баалары арзан жана оюндары менен кызыктуу десем болот. Кардарларды жакшы маанайда тосуп алышат. Баарыңыздарга сунуштаймын.☺️
Читать целиком
Полезно
0
АИ
Аруузат Исабекова
1 отзыв
Асия-китеп дүкөн эң мыкты,жылуу мамилеси,дүкөндүн аурасы укмуш💚🌳📗🤩😍🫀Китеп-тилсиз мугалим📗 окуган озот-окубаган тозот 📗 китеп эң жакшы дос, 📗 Жакшы китептер-инсанга кан берген жан сыяктуу 📗Окурмандар көп болсун, 🤲 ишиңиздерге,сооданыздарга, жашооунуздарга Аллахым береке,жакшылыктарды кут кылсын 🫀🤲
Читать целиком
Полезно
1
Камчыбек Ташиев
1 отзыв
Китеп ойнотуп жатышат. лайктан баса кеткилечи, сиздер себепкер болуп, мен да жакшы коргон китебимди алып алайын
Полезно
1
KA
Kalmurzaeva Asira
2 отзыва
Китеп омурдун ыраакы жана карангы жолунда адамга нур тартуулаган,жомоктогудай шам чырак .
Полезно
0
Аа🌸
1 отзыв
Эң сонун дүкөн капчыка дагы ылайыктуу баалары өтө сонун. Жан дүйнө тынчтык табат негизи китеп окусаң. Сиздерге терең ыраазычылык. Дүкөнгө барбасам дагы атмосферасы өтө сонун. Онлайн буйрутма берсең дагы аябай сонун кылып упаковка кылып доставка кылышат. Аллахым өзү ыраазы болсун сиздерден.🌹🌹🌹🤲
Читать целиком
Полезно
0
AA
Aimonchok Anarbaeva
2 отзыва
Китеп - убакыт өтсө да өз баалуулугун жоготпогон жалгыз белек. Ал жүрөктө да, акылга да азык берет. Ошондой эле мен издеген китептерди дайым ушул жерден аламын😍 анткени озумо дагы чөнтөгүмө да пайдалуу 🤭🥰 оюндары дагы жакшы мен 1млн сомго копилка алганмын😍🌸🌸🌸
Читать целиком
Полезно
0
FftopklicK
1 отзыв
Жан дүйнөнүн казынасына байлык китептерди, капчыгымдын абалына жараша тапканыма ырахмат!!! Эң сонун китеп дүкөнү
Полезно
0
Малика Конушбаева
1 отзыв
Спасибо за книгу 🥰🫶🏻
Полезно
0
EB
Eraly Burkanbekov
1 отзыв
Сонун китептер
Полезно
0
umareow prod
6 отзывов
Спасибо за книгу
Полезно
2
Лицензионное соглашение
,
политика конфиденциальности
Интенсивность снегопада
Ру
Обратная связь
ПК-версия
Добавить организацию
Вход для бизнеса
Реклама
API 2ГИС
Данные 2ГИС
Обратная связь
Справка
Лицензионное соглашение
Политика конфиденциальности
Печать
🍪
Мы используем cookies
подробнее