............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. ............................................................................. .............................................................................

Асыл Аманат 

Детский сад
4.4
33 оценки
ОсОО Асыл Аманат
4.4
33 оценки
Ågน 31211 отзывов
Асыл Аманат бала бакчасынын жетекчилигине. Балким, дагы башка ата-энелерге да пайдалуу болот. Ачык айтсам, бул бала бакча мага жаккан жок. Балам буга чейин башка бала бакчага барып жүргөн, тилекке каршы, ал жабылып калгандыктан, Асыл Аманатка которууга туура келген. Бирок бул бакчага келгенден тартып эле баламдын билим жана тарбия деңгээлинин төмөндөп кеткенин байкадык. Менин оюмча, бул, негизинен, тарбиячылардын ишине байланыштуу. Бакчанын имараты жаңы, жабдуулары жакшы, шарттары да жакшы түзүлгөн. Бирок, тарбиячылар тажрыйбасызбы же алардын ишине жетиштүү көзөмөл жокпу — балдарга болгон мамилеси бизди ыраазы кылган жок. Менин сунушум: бул жерге балдар менен иштөөнү сүйгөн, аларды түшүнгөн жана педагогикалык жактан жакшы даярдалган кадрларды тартуу керек. Тарбиячылар да балдар менен иштөө боюнча кошумча билим алып турушу зарыл деп ойлойм. Жыйынтыгында, биз мурдагы (башка даректеги) бала бакчага кайтып барууга аргасыз болдук — ал алысыраак болсо да. Ал жакта тарбиячылардын мамилеси такыр башка. Ар бир бала менен өзүнчө иш жүргүзүшөт, күнүмдүк тартипти видео жана сүрөттөр менен ата-энеге ачык көрсөтүшөт. Түшкү уйкуда уктабаган балдар менен өзүнчө иш алып барышат — бул билим деңгээлине да таасир этет. Чынында эле чоң айырма байкалды, жана кайра алып барганыбызга өкүнгөн жокпуз. Жеке тааныштарымдын арасында дагы 1-2 адам ушул эле себептер менен балдарын Асыл Аманат бала бакчасынан чыгарып кетишкенин билем. Сунуш: Асыл Аманат бала бакчасынын жетекчилигине кайрылуум — бала бакчаңыз чоң, кооз, шарттары жакшы. Бирок тарбиячылардын ишин жакшылап карап, ата-энелер менен пикир алышып, зарыл болсо персоналды алмаштырууну сунуштайм. Болбосо, мына ушундай пикирлер сиздердин абройуңуздарга терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Читать целиком
AB
Azamat Batyr1 отзыв
UY
Urmatbek Ysmanov5 отзывов
Жаныш Жумабек Уулу2 отзыва
АМ
Арзыбек Маркабаев6 отзывов
🍪
Мы используем cookies подробнее